Өлкө аймагында дем алыш күндөрү 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, өрттү өчүрүүгө 14 күжүрмөн эсеп тартылды.
- Ош шаарында – 1;
- Ош облусунда – 1;
- Чүй облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 3;
- Нарын облусунда – 1;
- Талас облусунда – 2;
- Баткен облусунда – 3.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.