Оор кылмыштарга шектелип, издөөдө жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Ош ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 2015-жылдан бери Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде (эски редакция) козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары издөөдө жүргөн Баткен облусунун 1983-жылы туулган Б.С. аттуу тургуну Орусиядан кармалган.
Ошондой эле 2021-жылдан бери Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары издөөдө жүргөн Ноокат районунун 1992-жылы туулган Н.Б. аттуу тургуну Казакстандан кармалып, өлкө аймагына жеткирилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.