Казакстанда дааратканага түшүп кеткен 2 жаштагы кыз куткарылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Маалыматка таянсак, окуя Акшукур айыл аймагында катталган. Куткаруучуларга чакыруу 31-мартта саат 13:12 чамасында түшкөн. Анда эки жашар кыз даараткананын чуңкуруна кулап түшкөн.
"Кыз куткаруучулар келгенче, жакындары тарабынан куткарылган", - деп жазылат маалыматта.