Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салган чектөө дагы 3 айга узартылды

Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюу чечими 30-июнга чейин узартылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 1-апрелде Биринчи май райондук сотунан тастыктады.

Маалыматка караганда, райондук сот Бишкектин Биринчи май администрациясынын тынч чогулуштарды өткөрүүнү чектөө тууралуу арызын 29-мартта карап, канааттандырган.

1-апрелден 30-июнга чейин митинг өткөрүүгө болбой турган жайлар:

  • "Ала-Тоо" аянты;
  • Эркиндик бульвары. Темир жолдон Чүй көчөсүнө чейин;
  • Президенттик администрациянын жана Жогорку Кеңештин имаратынын айланасы;
  • Панфилов паркы;
  • Таттыбүбү Турсунбаева атындагы парк;
  • Жогорку соттун алды;
  • Орусиянын өлкөдөгү элчилигинин алды;
  • УКМК имаратынын жаны.
Ар кандай акцияларды Максим Горький атындагы паркта гана өткөрүүгө уруксат берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан