Өрүкзардын "сакурасы" гүлүн ачты. Учурда өрүкзар аппак гүлүн ачып, айланага көрк берип, абаны керемет жыты менен ээлеп алган кези. Бул кооздукту жерине барып көрүү башкача эмоцияларды тартуулайт. Баткен бир гана жайында өрүк бышканда эмес, жазында, күзүндө да кооз.
Баткендеги өрүк гүлүнүн кооздугун айрымдар Япониядагы "сакура" менен салыштырат. Япондор дүйнөгө сакуранын гүлдөшүн даңкташса, Баткен өрүкзардын керемет жомоктой гүлдөшүн сөз кылат.
SUPER.KG порталы өрүктүн мекени болгон өрүкзарга саякаттап келүүгө чакырат. Көз жоосун алган кооздук Баткен районунун Самаркандек айылында тартылган.
Сүрөттөр жана видео фотограф Белек Мусаевге таандык.