Бишкекке автобустардын экинчи партиясы келе баштады. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, калган 500 автобустун алгачкы 35 даанасы учурда шаарга жеткирилди. Автобустар бир ай ичинде толук келип бүтөт.
Белгилей кетсек, былтыр президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында аталган өлкөдөн газ менен жүрүүчү 1000 автобус сатып алуу боюнча чечим кабыл алынган. Келишимге ылайык, өткөн жылы жарымы келген, быйыл жарымы жеткирилмек.
Мындан тышкары, “Азия өнүктүрүү банкынын” долбоору алкагында 120 электробус алуу мерчемделген.