Бүгүн канаттууларды коргоонун эл аралык күнү. Канаттуулар жөнүндө кызыктуу фактылар  

Бүгүн, 1-апрель канаттууларды коргоо күнү. Аталган майрам алгач 1894-жылы АКШда пайда болгон. Кийин массалык маалымат каражаттары аркылуу элге тарап, башка өлкөлөрдө дагы белгилене баштаган. Учурда бул күн ЮНЕСКОнун "Адам жана биосфера" деген биологиялык программасынын алкагында дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө белгиленет.

Канаттууларды коргоо боюнча конвенцияга 1906-жылдын 1-апрелинде кол коюлуп, ошондон бери коомчулук канаттуу куштарды коргоо камын баштаган.

Канаттуулардын эл аралык күнү жазында, тактап айтканда, 1-апрелде белгиленип жатканы бекеринен эмес, бул убакта келгин куштар кайтып келип, жаратылыш ойгонуп, гүлдөй баштайт.

Ал эми Кыргызстанда канаттуулардын 300дөн ашык түрү болсо, анын ичинен 57 түрү Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилип коргоого алынган.

Кыргызстанда Кызыл китепке кирген айрым канаттуулардын сүрөттөрү.

Канаттуулар тууралуу кызыктуу фактылар

- Бүгүнкү күндө адамдар жерде жашаган куштардын 10 694 түрүн гана билишет.

- Дүйнөдө такыр канаты жок жалгыз куш - киви. Алардын мекени алыскы Жаңы Зеландия. Бул жандыктардын таң калычтуусу сүт эмүүчүлөргө окшош келет.

- Көлөмү боюнча эң чоң куш - бул төө куш, ал 2 метрден ашат. Салмагы 70-90 килограммга жетет, буту күчтүү, эки гана манжалуу болгондуктан саатына 50 чакырымга чейин чуркай алышат. Төө куштардын мекени Африка деп эсептелгени менен алар Кыргызстандын шартына деле тез көнүп кеткени айтылат.

- Жер жүзүндө эң көп кездешүүчү куштар - булар тооктор. Аларды ар кайсы өлкөдөн ар кандай түрүн кездештирүүгө болот.

- Куштардын сайрашы алардын бактылуу экендигин билдирбейт, тескерисинче, өз аймагынын белгиси.

- Тоңкулдактар ​​даракты бир нече саат бою эч кандай көйгөйсүз ура алышат, анткени алардын баш сөөгүнүн түзүлүшү буга мүмкүнчүлүк берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан