Бишкектин Сүйөркулов көчөсүндөгү талаштуу имарат инвесторго кайтарылды (видео)

Бишкек шаарынын Сүйөркулов көчөсүндөгү Иорданиялык инвесторлорго таандык имарат кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде инвестор Хайдер Тамими билдиргенин президенттин маалымат кызматы тасыктады.

Ага ылайык, инвестор Хайдер Тамими президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, Бишкек мэри Айбек Жунушалиевге жана өлкөнүн мамлекеттик органдарына көрсөткөн жардамы жана көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

"Биз Иорданиядан келген инвесторлорубуз, Кыргызстанга 9 жыл мурун келгенбиз. Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарында бир нече объектилерди курдук. Акыркы долбоорубуз Орто-Сай базарынын жанындагы тогуз кабаттуу соода борбору. 2 жыл мурун имаратыбызды бизге эч кандай тиешеси жок адамдар басып алышкан. Биз президент Садыр Жапаровго кайрылып, имаратыбызды кайтарып берүүгө, инвесторлордун укугун коргоого жардам бергиле деп кайрылдык. Президент Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге, Бишкек шаарынын мэрине жана мамлекеттик органдарга терең ыраазычылык билдиребиз. Биз жардам үчүн абдан ыраазыбыз жана Иордания менен Араб өлкөлөрүнүн инвесторлорун Кыргызстанга инвестиция салууга үндөйбүз", - деди ишкер Хайдер Тамими.

Бишкектин Сүйөркулов көчөсүндөгү чет элдик инвесторлорго таандык имарат кайтарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан