Кечээ, 19-декабрда троллейбустун жүргүнчүсү жабыркады. Бул туурасында Жол-кайгуул кызматынан кабарлашты. Анда 36 жаштагы Н.Кенжебек аттуу айдоочу аялдамадан туура эмес токтогон. Мындан улам троллейбустун ичиндеги 44 жаштагы Д.Алтынай кулап, денесинен жаракат алган. Учурда материалдар топтолуп, Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.