Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов кызматтан алынды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Абитов жана анын орун басары Ильяс Касымбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын талаптарын бузгандыктары, кол алдындагы кызматкерлердин арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүктөрү, бейбаштык фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамдуу аракеттерди жүргүзбөгөндүктөрү, шектүү же айыпкер катары аныктала элек жарандарды кармоодо милиция кызматкерлери коомдук жайда эскертүүсүз күч колдонуп Жалал-Абад облусунун жашоочусун кармап жаткан факты боюнча видеотасмалар интернетте тарап, коомчулук тарабынан талкууга алынып, милиция кызматкерлеринин аброюна шек келтиргендиктери үчүн Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Жеңиш Абитов жана анын орун басары, милициянын полковниги Ильяс Касымбаев ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Ошондой эле ушул буйрук менен Жалал-Абад ОИИБдин 13 жетекчи кызматкерине тартип жазалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан