Жалал-Абад облусунун Барпы айылына жергиликтүү тургундар үчүн ички көпүрө курулууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, ӨКМдин авариялык калыбына келтирүү планына Жалал-Абад облусундагы 2 объекти киргизилген.
Анын бири Барпы айыл өкмөтүнүн Жаркыштак айылындагы Кемпир-Абад каналынан өтүүчү ички чарбалык көпүрөнү куруу.
"Көпүрөнүн узундугу 12 метр. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 6,5 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. Учурда куруу иштеринин 30 пайызы бүткөрүлдү",-деп айтылат маалыматта.