Садыр Жапаров “чет элдик өкүл” мыйзам долбооруна кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбооруна кол койгонун билдирди.
Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 14-марттагы жыйынында үчүнчү окууда карап, талкуусуз кабыл алган. Долбоорго 66 депутат "макул", беш эл өкүлү "каршы" добуш берген.
Президент Жапаровдун билдирүүсү:
"Урматтуу кыргызстандыктар!
Көпчүлүктү, өкмөттүк эмес уюмдарды жана алардын чет өлкөлүк өнөктөштөрүн кызыктырган мыйзамга кол койдум. Буга чейин өкмөттүк эмес уюмдар жана алардын чет өлкөлүк өнөктөштөрү мага кайрылышып, бул мыйзамга кол коюудан баш тартуумду суранышкан.
Эмне үчүн? Бизде 30 жылдан бери иштеп келе жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар эч жерге катталчу эмес. Эч кимге отчёт беришчү эмес. Жөн гана банктардан эсеп ачып эле чет өлкөлүк донорлорунан акча алып, каалаган нерселерине, анын ичинде жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келишкен. Эми мындан ары Юстиция министрлигинен эл катары эле каттоодон өтүшөт. Банктан эсеп ачышат. Мындан ары ачык айкын иштей башташат. Буга чейин калкыбызда айтылып келген "эшек жайлоо" деген мындан ары болбойт.
Ал эми чет өлкөлүк донорлор эмнеге бул мыйзамга каршы деген суроо туулат.
Аларды биздин өкмөттүк эмес уюмдар алдап жатышат. "Бизге куугунтук болот. Бизди чет өлкөнүн агенти деп камашат" деген сыяктуу жалган маалыматтарды жеткирип жатышат. Алар ишенип алышкан. Ошол үчүн бул мыйзамга кол коюудан баш тартышымды суранып жатышат. 30 жылдан бери бирөөсүн дагы чет өлкөлүк донорлор менен иштештиңер, баланча суммадагы акча алдыңар деп куугунтуктабаган эми куугунтуктамак белек? Мамлекет башчысы катары кепилдик берем. Эч кандай куугунтук болбойт. Ядерлик өлкө эмеспиз. Азырынча космоско учалы деп жаткан жокпуз. Биздин мамлекетте силерден жана силердин донорлордон жашыра турган жашыруун сырларыбыз жок. Бизде бардык маалыматтарды ачык булактардан эле тапса болот.
Колуңардан келсе миллиондорду эмес, миллиарддарды алгыла. Ал биздин өлкө үчүн пайда гана алып келет. Болгону мындан ары баарын ачык айкын көрсөтүп, эл катары эле иштегиле деп жатабыз. Ошондо чет өлкөлүк донорлоруңар дагы канча акчасы кайсы долбоорлорго жумшалганын баарын ачык көрүп турушат. Алданышпайт.
Болбосо буга чейин "Баланча тегерек стол уюштурдум, түкүнчө тренинг уюштурдум, баланча долбоорго баланча акча жумшадым" деп,
жеке кызыкчылыгыңарга жумшаган акчаңарды дагы ишке кошуп донорлорду алдап отчёт берип келгенсиңер. Калп десеңер четиңерден таап берем.
Эмне үчүн ошол эле өнүккөн батыш өлкөлөрүндө өкмөттүк эмес уюмдар Юстиция министрлигине катталып, банктан эсеп ачып, салык кызматына каттоого туруп иштешет дагы, бизге келгенде эле болбойт? Же эмне биз экинчи сорттогу мамлекетпизби? Жок, андай эмес. Мындан ары андай алешемдиктерге жол бербейбиз".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан