Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде УКМКнын Чек ара кызматы кабарлайт.
Маалымдалгандай, “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттери 4-апрелде жабык болот. Мындай чара кытай тараптын демилгеси менен Цинмин - маркумдарды эскерүү күнүн белгилөөгө байланыштуу көрүлүүдө.
Ал эми 5-апрелден тарта аталган бекеттер кайрадан адаттагы режими боюнча иштей баштайт.