Тазабек Икрамов: "Бишкектин жолундагы чуңкурларга балык бакса болот"

Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Тазабек Икрамов өлкөдөгү жолдордун абалына нааразычылыгын билдирди.

"Бишкектин жолдорундагы чуңкурларга балык бакса же сууга түшсө боло турган болуп калды. Бишкек-Ош жолун айтпай эле коёюн. Эмне үчүн жол салгандар сапатына карабайт? Биз сапатсыз салгандарды жоопко тартыш керек деп келе жатабыз. Бирок бир эле жаан, кардан кийин чуңкур маселеси чыгып жатат. Буга кандай жооп болот?",- деди ал.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Ырысбек Бариев шаардын жолдору министрликтин карамагында эмес экенин тактады.

Эл өкүлү андан Ош-Бишкек жолу боюнча сурап жатканын айтты.

Бариев Ош-Бишкек жолу толук оңдоодон өткөнүнө 20 жыл болгонун эске салып: "2000-жылдын башында жасалган болчу. Ошол себептүү көп жерлери капиталдык оңдоону талап кылат", - деди.

Жогорку Кеңеш 02.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан