"MedExpo Kyrgyzstan 2024": Көргөзмөдө 80дей чет элдик компания заманбап инновацияларын көрсөтүүдө

Бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаарында "MedExpo Kyrgyzstan 2024" 18-эл аралык адистештирилген саламаттыкты сактоо көргөзмөсү салтанаттуу ачылды. Биргелешкен көргөзмө Кыргыз мамлекеттик физкультура жана спорт академиясынын ареналык имаратында 2-4-апрель күндөрү өтөт.

Быйыл иш-чарага 10 өлкөдөн 80ге жакын медициналык компания катышууда. Алар Беларусь, Италия, Пакистан, Польша, Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Япония өлкөлөрүнөн келди.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана бир катар чет элдик өкүлдөр менен лидерлер катышты. Иш-чарада Бейшеналиев көргөзмөнүн артыкчылыктарына токтолуп, сырттан келген өндүрүүчүлөр менен келишимдер түзүлөрүн билдирди.

"Бүгүнкү өтүп жаткан көргөзмөго 10 өлкөдөн келген 80 компания өзүнүн заводунан чыккан продуктыларын алып келди. Көргөзмөдөн кийин биз өндүрүүчүлөр менен иштешүү максатында контракт түзөбүз. Бул өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагындагы чоң ийгилиги деп эсептесек болот. Себеби, буга чейин дары-дармек, медициналык жабдуулардын бардыгын жеке фарм-компаниялар алып келип, кымбат баада сатчы. Эми бүгүн уюштурулуп жаткан форумдун алкагында өлкөнүн медицина тармагындагы адистери, эксперттери чет өлкөдөн келген лидерлер менен жолугушуп, келишим түзүшөт. Анан ошол келишимдин негизинде сапаттуу медициналык продуктылар заводдон түз алып келинип, арзан баада сатылат. Анткени, заводдон чыккан продуктыларга биз 5 пайыз эле кошобуз", - деди министр.

MedExpo Kyrgyzstan 2024 - медицина тармагынын лидерлери менен жолугушуу, тажрыйба алмашуу жана медицина тармагындагы акыркы жетишкендиктерди жана технологияларды тартуулоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Мында катышуучу компаниялар инновациялык медициналык жабдуулардын кеңири спектрин, диагностика, хирургия жана реабилитация үчүн заманбап жабдууларды, ошондой эле медицинанын бардык багыттары үчүн башка продуктыларды жана кызматтарды көрсөтүшөт.

Бул конгрессс-форум Борбор Азиядагы беш ири көргөзмөнүн бири болуп саналат.

"MedExpo Kyrgyzstan 2024"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан