3-апрелге карата аба ырайы 

Эртең, 3-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Баткен облусунун көпчүлүк жерлеринде жаан, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,

Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18,

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +8…+13.

Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +3…+5, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан