4-апрелде Бишкектин айрым аймактарында таза суу болбойт

4-апрелде Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, өчүрүү аймагы Л.Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковского, Т. Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрү, “Жумушчу шаарчасы”, “Айыл чарба институту”, “Ак-Өргө”, “Ак-Ордо” конуштары (Ахунбаев көчөсүнөн түндүк жагы), “Теңир-Тоо” конушу (Ахунбаев көчөсү) менен чектешет.
"Саат 9:00дөн 00:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу болбойт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, "Гагарин", "Түштүк-Батыш" суу алгычтарындагы жана шаардык суу тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү токтотулат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан