Транспорт министри Бишкектин жолдоруна айтылган сын-пикирлерге жооп берди 

Транспорт министри Тилек Текебаев Бишкек шаарындагы жолдорго айтылган сын-пикирлерге түшүндүрмө берип, калаа жолдору мэриянын көзөмөлүндө экенин билдирди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы маалымат сайтына жарыялады.
"Соңку күндөрү социалдык тармактарда борбор калаабыз Бишкектин жолдоруна карата сын-пикирлер күчөп, арасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердүүлүгүнө жана жеке менин адресиме ар кандай ачуу пикирлер айтылып жатат. Маалымат каражаттарында “Кар менен кошо эриген калаа жолдору”, “Кыштан чыкпай калган көчөлөр” сындуу курч мүнөздөгү материалдар байма-бай жарыяланууда. Албетте, ар бир айтылган сын-пикирди жөндүү деп билем жана аны оң тарабынан кабыл алуу менен кыскача түшүндүрмө берүүнү туура көрдүм.
Бишкектин жана Кыргызстаныбыздагы башка калаа жолдору шаардык мэриянын көзөмөлүндө болуп, жол куруу жана кармоо милдети муниципалитетке жүктөлгөн. Кыргызстанда болжол менен 34 миң чакырым унаа жолу бар болсо, анын 19 миң чакырымга жакыны Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансында. Башкача айтканда, эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо, кармоо жана асфальт төшөө иштери ведомствонун түздөн-түз милдети десем болот", - деген министр.
Ошондой эле ал жолдун жарактан чыгуусу табигый процесс экенин, жолдорду оңдоого болгон күчүн жумшап жатканын билдирди.
"Албетте, аң-чөнөктөрдүн пайда болушу табигый процесс. Ал аба ырайынын өзгөрүшүнө жана жол кыймылынын интенсивдүүлүгүнө байланыштуу болот. Бишкек мэриясы бул маселенин үстүнөн иштеп жатат деп билем, ал эми биздин министрлик өзүнүн балансындагы жолдору оңдоого болгон күчүн жумшап, планды ашыгы менен аткаруунун аракетинде деп ишендире айта алам", - деген Тилек Текебаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан