Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы быйыл өзүнүн 20 жылдыгын белгилөөдө. Бул датага карата бүгүн, 20-декабрда майрамдык концерт уюштурулат. Концертке Кыргызстандагы бардык музыкалык ансамбль, оркестр, ырчылар жана Италия, Германия, Британия, Орусия,Казакстандан келген музыканттар катышмакчы.
Аталган концерт 17:00дө окуу жайдын концерттик залында болмокчу.