10-апрелден тарта Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн маршруткалар алынат

Бишкек шаарында кичи автобустарды каттамдан чыгаруу жолу менен борбор калаанын борбордук бөлүгүн бошотуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ахунбаев көчөсү - 7-Апрель көчөсү (Курманжан Датка) – Чүй проспектиси - Манас проспектиси менен чектелген аймакта бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

Ага ылайык, шаардын борбордук көчөлөрүн кичи маршруттук каттамдардан бошотуу үч этапта жүргүзүлүп, биринчи этабын 10-апрелден тарта баштоо пландаштырылууда.

1-этапта № 111, 118, 130, 134, 135, 136 каттамдар алынат. Жалпы 135 кичи автобустар чыгарылат.
2-этап 10-майдан башталат. Анын алкагында 159 даана кичи маршруттук каттам шаар сыртына чыгарылат. Алар төмөнкү каттамдар: №138, 163, 192, 202, 207, 220.
3-этап 1-июнда башталып, 589 даана пландык чыгуусу менен № 224, 234, 243, 246, 257, 258, 275 жана “Жүргүнчүлөрдү ташуу бирикмеси” муниципалдык ишканасынын №150, 143, 131, 117, 112, 101, 164, 179, 185, 201, 211, 223, 227, 230, 240, 250, 252, 260, 285, 295 кичи маршруттук каттамдар калаа сыртына чыгат.
"Кичи автобустардын айдоочулары муниципалдык автобустун айдоочусу болуп ишке орношсо болот. Бирок окуудан өтүү керек. Анын мөөнөтү иш стажына жараша аныкталат. Бүгүнкү күндө автобус айдоочусунун айлык акысы 98 миң сомго чейин жетет",-деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан