Ошто кызыл сызыктан өтүп кеткен курулуштар буздурулуп, Ош көчөсү кеңейтилүүдө

Ош шаарында Ош көчөсүнүн Раимбеков көчөсүнөн Бабараимов көчөсүнө чейинки бөлүктө кеңейтүү жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бузуу иштерине жергиликтүү тургундар колдоо көрсөтүп, "кызыл чийинден" чыгып кеткен курулуштарды алып салууда.
Белгилей кетсек, жолдун узундугу 500 метрге жакын, туурасы 12 метрди түзөт. Ал эми эки тарабына тротуарларды куруу, ирригациялык тармактарды орнотуу, көчөнү жарыктандыруу каралган.
Жумушту толук бүткөрүү сентябрь айына белгиленген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан