Татарстандагы объектилерге учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулунан жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жараны да бар. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Елабуга шаарында жайгашкан объектилерге болгон пилотсуз учак аппараттарынын кол салуусунан улам алты адам жабыркап, анын бирөөсү Кыргыз Республикасынын жараны 2007-жылы туулган И.А.Б. орто жаракат алган.
Кыргызстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери бүгүн жаракат алган Кыргыз Республикасынын жаранынын ден соолугунун абалы тууралуу кабар алышат барышат", - деп билдиришти министрликтен.
Бүгүн, 2-апрелде биринчи жолу дрондор Татарстандын Елабуга жана Нижнекамск шаарларындагы ишканаларга чабуул жасашкан. Чабуулдан жаракат алгандар бар экенин Татарстандын лидери Рустам Миннихановдун басма сөз кызматы билдирген.