"Кансырап каза болгон". Министрлик Аксыдагы 11-класстын окуучусунун өлүмү боюнча үн катты

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда чач-тарачта кезек талаша кетип, бычак сайган окуучулардын окуясы боюнча Билим берүү министрлиги маалымат таратты.

"Аксы райондук билим берүү бөлүмүнөн алынган маалыматка ылайык жекшемби күнү, 31-мартта болгон мушташта 9-класстын окуучусу 11-класстын окуучусуна бычак сайган. 11-класстын окуучусу алган жараатынан кансырап каза болгон.

Жазгы каникулга чейин мектеп окуучулары арасында коопсуздук эрежелери, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти министрликтен.
Милициянын маалыматы боюнча, 31-март күнү кечинде Аксыда 11-класстын окуучусу чач-тарачка келип, 9-класстын окуучусу менен кезек талаша кеткен. Эки окуучу сыртка чыгып, мушташа кетишкен. Анда 8-класстын окуучусу бүткөмө бычак менен 11-класстын окуучусун санга сайып жиберген. Тилекке каршы, 11-класстын окуучусу ооруканада каза болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан