Бишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы бала бакча колдонууга берилди

Кечээ, 2-апрелде Бишкектин Арча-Бешик конушунда №19 бала бакчанын ачылышы болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, ачылыш аземге Бишкек мэри Айбек Жунушалиев жана тиешелүү структура жетекчилери катышышты.

Ага ылайык, мекеменин долбоордук кубаттуулугу 284 орунга көбөйтүлүп, 180 баланын ордуна 464 бала кабыл алынат.

Белгилей кетсек, имарат эки кабаттуу, бардык көмөкчү жайлары бар: уктоочу, оюн, кампалар, ашкана, жуунучу бөлмөлөр, медициналык кабинет, персоналдар бөлмөсү, музыка, спорт жана техникалык бөлмөлөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан