Кечээ, 2-апрелде саат 20:37де кыргыз-кытай чек арасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалымдалгандай, жер титирөөнүн очогу Какшаал-Тоо кыркаларында, тактап айтканда Таш-Короо айылынан түштүк чыгышка карай 25 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 105 чакырым аралыкта жайгашкан.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын калкттуу пункттарында жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.