ТИМ: "Стамбулдагы өрттөн каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок"

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулдагы түнкү клубдан чыккан өрттөн каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, Стамбул шаарындагы көп кабаттуу имаратта чыккан өрткө байланыштуу имаратта оңдоо иштерин жүргүзгөн 29 адам каза болгон.

"Жергиликтүү органдардын алдын ала маалыматы боюнча каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок" деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Эске салсак, чет элдик басылмалар Стамбулдун борборундагы "Masquerade" түнкү клубунда чыккан өрттөң кеминде 29 адам каза болуп, бирөө жарадар болгонун жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан