24.kg агенттигине козголгон кылмыш иши кыскарды

24.kg агенттигине козголгон кылмыш иши кыскарды. Бул тууралуу маалыматты аталган агенттик сайтына жазды.

Маалыматта жазылгандай, 2-апрелде УКМКнын тергөөчүсү Эрлан Акынбеков адвокат Нурбек Сыдыковдун өтүнүчүн канааттандырып, редакциянын кеңсеси ачылган. Ага ылайык, ушул жылдын 15-январындагы тинтүү учурунда алынган компьютерлер, ноутбук, кызматкерлердин телефондору жана бардык каржылык документтер кайтарылган.

Эске салсак, УКМК кызматкерлери 15-январда кылмыш-жаза кодексинин 407-беренесинин (“Согушту пропагандалоо”) негизинде козголгон кылмыш иши боюнча агенттиктин кеңсесинде тинтүү жүргүзгөнүн маалымдаган.

Ошол эле күнү 24.KG басылмасынын башкы директору Асел Оторбаева менен башкы редакторлору Антон Лаймар менен Махинур Ниязова УКМКдан сурак беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан