Жалал-Абаддын Ак-Тилек жана Жеңиш кичи райондоруна автобустук каттамдар ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, Ак-Тилек кичи районуна 4-автобус, ал эми Жеңиш кичи районуна 10-автобус каттам жүргүзөт.
Мындан сырткары, Т.Тайгараев, М.Конгантиев аймактык башкармалыктарына да автобустардын каттамы коюлат.
"Буга чейин шаарда 2 гана автобустук каттам болгон болсо, учурда 5 жаңы каттам ачылды. Алардын экөөсүндө автобустар каттамга чыкса, калгандарында автобустар жүрүүчү көчөлөрдү тактоо иштери жүрүп жатат",-деп айтылат маалыматта.