Бишкекте бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата массалык чуркоо өтөт

Бишкек шаарында "Менин ден соолугум – менин укугум" аталышындагы марафон өтөт. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунан билдирди.
Ага ылайык, жыл сайын 7-апрелде Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленет. Массалык чуркоону бул күндү утурлай Саламаттык сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму уюштурууда.
Иш-чара мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси менен өткөрүлүп жатат. Ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, үүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско, жогорку кеңештин депутаттары, өлкөнүн алдыңкы спортчулары Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана медицина кызматкерлери катышары күтүлүүдө.
"Борбор калаадагы марафон бир жуманын ичинде өлкөнүн бардык аймактарын камтыган ден соолук кербенинин башталышы болот", -деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ал эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен коштолору кошумчаланды.
Эске салсак, марафон 6-апрелде саат 10:00дө Жайыл баатыр көчөсү, №66 дарегиндеги "Газпром" спорт комплексинен башталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан