Акыйкатчы институту: "Каракол мэриясы шаар тургунунун жер тилкесин үйү менен алып, өзүн көчөдө калтырды"

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды Каракол шаарынын тургуну Сурия Матниязованын бузулган укуктарын камсыздоого чакырат. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Ага ылайык, 1997-жылы Каракол шаарынын мэриясы мамлекеттин муктаждыгына деп анын жер тилкесин турак үйү менен муниципалдык менчиктин карамагына алган. Анын ордуна мэрия ага батир берген. Бирок кийинчерээк менчиктештирүүнү негиз кылып, аталган батирди талашкан башка адамдар пайда болгон. Аял ошол убакыттан тартып, 26 жылдан бери соттошуп келет. 2008-жылы сот Матниязованы бул батирден чыгаруу чечимин чыгарып, бирок мэрияны Каракол шаарынан аны турак-жай менен камсыз кылууну милдеттендирген.

Ага карабастан, ушул кезге чейин соттун чечими аткарылбай келет. 2020-жылы 3-мартта Каракол шаарынын прокуратурасы укук бузууларды жоюу тууралуу сунуш чыгарган.

Матниязованын айтымында, 1997-жылы мэрия алган жер тилкеси менен үйүнүн ордуна башка турак-жай ала албай келет.

"2023-жылдын ноябрь айында акыйкатчы Ысык-Көл облусунун эли менен жолугушуу учурунда, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүн Матниязованын укуктарын камсыздоого чакырган. Анда облус башчы бул маселени өз көзөмөлүнө аларын айткан",-деп айтылат маалыматта.

Ал эми Матниязова мэрия соттун чечимин аткарбагандыгын жана ал дагы деле турак-жай ала электигин айтып, мартта кайрадан акыйкатчынын жеке кабылдамасына келген.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды соттун чечимин жана прокурордун сунушун аткарууга, ошондой эле, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан