ЕАЭБ макулдашуусунун алкагында пенсия чектөө. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Социалдык фонддон билдиришти.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.
Ага ылайык, учурда Социалдык фонд тарабынан 67 жаранга пенсия чектелди, анын 58и Орусиянын, 8и Казакстандын жарандары жана Беларустун 1 жаранына.
Ошондой эле Орусияда Кыргызстандын 34 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди.