Министрлик депутаттын "Картошкалар жер төлөдө чирип жатат" деген сөзүнө жооп берди

Өлкөдө картошканы эл сата албай, жер төлөдө чирип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев картошка маселесин көтөрүп, эл сата албай, жер төлөдө чирип, малга берип жатышканын айткан болчу.

Министрликтин маалыматына ылайык, быйылкы жылдын март айына карата республика боюнча картошкага болгон орточо дүң баасы 10-12 сомдон, ал эми базарларда 18 сомдон 25 сомго чейин сатылууда.

Ал эми картошканын баасы 2023-жылдын апрель айында 23,3 сом, май айында 30 сом, июнь айында 45 сом, сентябрь айында 30 сом, октябрь айында 25,2 сом, ноябрь айында 26,5 сом болгон.

Былтыр 2023-жылы өлкөдөн 42,2 миң тонна картошка Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстанга экспорттолгон. Учурда Өзбекстан мамлекетине экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Кытай мамлекетине дагы картошканы экспорттоого сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан