"Апамдын каттамасы" коомдук тамактануучу жайы күзгө чейин көчүрүлбөй турган болду

Чүй облусунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү Кеминдеги белгилүү "Апамдын каттамасы" коомдук тамактануучу жайын көчүрүүгө дагы убакыт берилгенин билдирди.
Ага ылайык, Чолок айылында брендге айланган каттамалар 1-сентябрга чейин мурдагы эле ордунда сатылат. Тактап айтканда, күзгө чейин жер которбойт.
Эске салсак, буга чейин аталган коомдук тамактануучу жайда иштегендер бийлик мартка чейин көчүү талабын койгонун бирок күн жакшы жылый электигин, айыл өкмөт да жер бөлүп бере электигин айтып, президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган.
Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлиги "Апамдын каттамасы" азыркы турган жеринен Ак-Мөөр тилкесин көздөй көчүрүү сүйлөшүлүп жатканын маалымдаган. "Кыргыз темир жолу" ишканасы ал кафелер поезд жолго жакын кооптуу жерде жайгашканын билдирген. Андан сырткары, санитардык эрежелер сакталбай, газ баллондорду коюп, темир жолдун жанына автоунаалар токтотулуп, балдар ойноп чыккан учурлар болору да кошумчаланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан