Атазовдун мандаты боюнча сот 5-апрелде чечим чыгармай болду

Бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандаты боюнча сот отуруму болду.

Жараянга Дастан Сатыбалдиев төрагалык кылды. Анда тараптар өз жүйөлөрүн келтирип, судья чечим чыгарууну 5-апрелге жылдырды.

Атазовдун жактоочусу Алтынбек Токтосунов Бишкек шаардык административдик сотунун чечими мыйзамсыз болгонун айтты.

"2022-жылы болгон шайлоодо Муртазалиевдин тарапташтары добуш сатып алуу максатында акча таратууга айыпталып кармалып, сот тарабынан күнөөлү деп табылган. Сотун ал өкүмү бүгүнкү күндө дагы күчүндө турат. Демек, соттун өкүмүн судьянын талкуулаганга укугу жок", - деди ал.

Мындан тышкары Токтосунов Атазов кичи ажылыкта жүргөнүнө байланыштуу жараянга келе албаганын билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын административдик соту бир мандаттуу №29 Свердлов округунан шайланып келген Шайлообек Атазовду 1-мартта мандатынан ажыраткан.

03.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан