Аскат Алагөзов ЖЭБге байланыштуу акыркы маалыматтарга түшүндүрмө берди

Бишкек ЖЭБи ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Айтымында, буга чейин бир катар маалымат каражаттарында “ТВЕА Бишкек ЖЭБинин эки блогун оңдоого 1 миллиард 140 миллион доллар салат” деген маалымат тарап, кийинчерээк ал Энергетика министрлиги тарабынан жокко чыгарылган.

"Анык эмес маалыматтын таркатылышына Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жооптуу кызматкери жол берген. Бул катасы үчүн ал бүгүн кызматынан бошотулду.

Бул кызматкердин жалган маалыматты таркатуусунун максаты кандай болгону, бул маалымат менен коомчулукту дүрбөтүүнү көздөгөндөр менен байланышы болгонбу-жокпу териштирүү жүргүзүлүп башталды" деп жазды ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан