Бүгүн, 20-декабрда Фучик көчөсүндөгү жол кырсыгынан бир адам каза тапты. Маалыматка караганда, жол кырсыгы саат 05:55тер чамасында катталган. Жабыркаган адам окуя болгон жерде алган жараатынан улам көз жумган. Учурда анын аты-жөнү такталууда. Ал эми 25 жаштагы О.Назарбектин башкаруусундагы Мерседес Бенц унаасы айып жайга токтотулуп, топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.