ИИМ: "Быйыл Кара-Кол лыжа базасына келген туристтердин саны өстү"

Былтыркы жылдын ноябрь айынан тартып быйылкы жылдын апрель айына чейин Ысык-Көл облусундагы "Каракол" лыжа базасында 200 миңге жакын адам эс алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Ички иштер министрлигинен билдирди.

Мекеме туристтик милиция кышкы туристтик мезгилдин жыйынтыгын чыгарганын белгилеп, 2023-2024-жылдардагы кышкы туризм ийгиликтүү аяктаганын кошумчалады.

Статистикалык маалыматтар боюнча, кыш мезгилинде Ысык-Көл облусуна келген туристтердин саны мурунку туристтик сезонго салыштырмалуу болжол менен 20 пайызга өскөн. Бул кыш мезгилинде аймактын туристтик потенциалына көңүл буруу боюнча жергиликтүү туристтик фирмалардын, мейманканалардын жана мамлекеттик уюмдардын ийгиликтүү ишинин көрсөткүчү болуп саналат.

"Кышкы туристтик мезгилде эс алуучулардын уюлдук телефондору жоголгон эки гана учуру катталып, алар ийгиликтүү табылып, ээлерине кайтарылып берилген. Туристтерге сапаттуу тейлөө көрсөтүү максатында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгында call-борбор уюштурулуп, коопсуз жана жайлуу эс алуу боюнча ыкчам маалыматтар берилип келди. Жалпысынан облустук милициянын call-борборуна эс алуучулардан 54 чалуу түшкөн. Көбүнчө кайрылгандарды мейманкананын жайгашкан жери жана эс алуучу жайлардын маршруттары кызыктырды", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан