Эмне үчүн бизнес О! мобилдик операторун тандайт

Мобилдик байланыш + жогорку ылдамдыктагы интернет эчактан бери бардык кызматкерлердин иштөөсү үчүн базалык опциялардын топтомуна кирет. «Дүңүнөн арзаныраак» принциби байланыш тармагында дагы иштейт жана О! Мобилдик оператору («НУР Телеком») бизнес үчүн пайдалуу тарифтер менен атайын сунуштарды жарата алды.

О! корпоративдик сатуулар кызматынын жетекчиси Сергей Тахавеев азыркы учурда кайсы өнүмдөргө суроо-талап жогору экендиги жана мындан ары рынокту өнүктүрүүгө эмнелер көмөктөшө тургандыгы жөнүндө айтып берди.

– Өлкөнүн алдыңкы компаниялары О! корпоративдик байланышын тандап келет. Кыргызстанда B2B-сегменти өсүүдө жана бул экономиканын дээрлик бардык чөйрөлөрүн санариптештирүү менен түшүндүрүлөт. Чакан жана орто бизнестин кардарларында инновациялык чечимдерге карата суроо-талап көбүйүп жатат. Себеби алар үчүн жумушчу процесстерди оптимизациялоо жана автоматташтыруу маанилүү. Бизнесте технологиялык прогресс илгерилөө жолунда.

Коммерциялык жана мамлекеттик кардарлар үчүн комплекстүү санариптик жана технологиялуу чечимдер рынокто корпоративдик телеком-кызматтардын көбөйүшүнүн драйверине айланууда. Биз кардарларыбыз менен чогуу өсүп жатабыз: кардарларыбызда санариптешүүгө карата муктаждык канчалык жогору болсо, биз ошончолук көбүрөөк кызмат көрсөтүүгө даярбыз. Байланыш борборун уюштуруу үчүн керек болгон SIP-телефониядан корголгон байланыш каналдары менен М2М-чечимдерди камсыздоого чейин кызматтарды көрсөтөбүз.

О! мобилдик оператору – мамлекеттин ишенимдүү өнөктөшү

«НУР Телеком» компаниясы мамлекеттик кызматтар менен бирге жалпы улуттук деңгээлдеги маселелерди чечүүнүн үстүнөн иш алып барат. Бул болсо, мамлекеттин бардык тармактарды санариптештирүү маселесине олуттуу көңүл буруп жаткандыгы менен түшүндүрүлөт. О! мобилдик оператору өлкөгө ишканалардын бизнес-процесстерин санариптештирүү үчүн жаңы технологияларды киргизүүгө көмөктөшөт.

О! мобилдик оператору түзүлгөн мезгилден баштап бүгүнкү күнгө чейин өз абоненттерине, мамлекеттик сектордун кызматкерлерине ар дайым колдоо көрсөтүп келет. О! атайын ӨКМ, ИИМ кызматкерлери, мугалимдер, дарыгерлер жана башка мамлекеттик сектордун кызматкерлери үчүн пайдалуу шарттарда жана пайдалуу баада корпоративдик тарифтерди гана бербестен, дайыма абоненттин эсебине кешбэк топтолуучу атайын Акцияларды дагы өткөрүп турат. Натыйжада мамлекеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн байланыш кыйла арзанга айланып калат.

Оор күндөрдө О! кол сунат

Белгилей кетчү нерсе, азыркы пайдалуу корпоративдик тарифтердин жаралышына пандемия учурунда иштелип чыккан тарифтер негиз болду. Коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылуу коркунучун токтотуу жана өлкөдө туруктуулукту камсыздоо үчүн оор шарттарда эмгектенүүнү уланткан мугалимдер, медиктер, милиция, ӨКМ жана башка кызматтардын кызматкерлери үчүн шашылыш шарттарда, бир нече күндүн ичинде атайы тарифтер иштелип чыккан.

Миңдеген мамлекеттик кызматкерлер карантин учурунда акысыз байланыш менен, он миңдеген мугалим жана окуучулар аралыктан окуу үчүн акысыз тарифтер менен камсыз болушкан. Окуучуларды жана мугалимдерди ӨК мезгилинде акысыз байланыш менен камсыздоону биринчилерден болуп О! демилгелеп чыккан. Мындай демилге буга чейин КР аймагында да, дүйнө жүзүндө да болгон эмес. Компания чек арадагы коогалаңдуу окуялардын учурунда баткендиктерге да колдоо көрсөттү.

О! мобилдик оператору Кыргызстанды түйүн менен камтуу жана, эң башкысы, калкты жогорку ылдамдыктагы LTE 4G мобилдик интернети менен камсыздоо боюнча лидер болуп саналат. О! биринчилерден болуп өлкөгө LTE 4G жаңы технологиясын киргизген, андан бери рыноктогу атаандаштыктын натыйжасында мобилдик интернеттин гигабайт үчүн эсептелген баасы бир гана Борбор Азияда эмес, бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча дагы эң арзан баалардын бирине айланды.

О! мобилдик оператору кардарларына көрсөткөн ишенимдери үчүн ыраазычылык билдирет жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн туруктуу, ишенимдүү, пайдалуу жана инновациялуу иш алып барууну уланта бермекчи.

Консультация алуу жана түйүнгө кошулуу үчүн өтүнмөнү o.kg сайтынан калтырсаңар же компаниянын Корпоративдик тейлөө кеңселеринин бирине кайрылсаңар болот. Корпоративдик байланыш жана тейлөө боюнча бардык суроолор менен corporate@nurtelecom.kg почтасына же 0705705705 телефонуна кайрылыңыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан