Казакстандагы Самара-Шымкент унаа жолунда жол кырсыгы катталып, Өзбекстандын 8 жараны каза болду. Бул тууралуу казак полициясы билдиргенин "Новости Ценральной Азии" жазды.
Маалыматка караганда, Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы Toyota-Alhpard үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Кырсык жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып кеткендигинен болгону айтылат.
"Кырсыктын кесепетинен минивэндин айдоочусу жана анын жети жүргүнчүсү каза болушкан" - деп билдирген казак полициясы.