Америкалык жаран 1996-жылы Опра Уинфри шоусуна катышкандан кийин атак-даңкка ээ болгон Хенсел аттуу сиам эгиздеринин бирине үйлөндү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, эгиздер Бриттани жана Эбби Хенсел 1996-жылы Опра Уинфри шоусуна катышкандан кийин атактуулукка ээ болушкан. Эже-сиңдилер тулку бою бир денеде, алардын ар бири дененин бир тарабын башкарат. Ал эми ичеги, табарсык сыяктуу ички органдары бир. Өспүрүм кезинде эже-сиңдилер TLC каналындагы шоуго катышып, эне болууну каалаарын моюнга алышкан.
Жакында эле 34 жаштагы Эбби турмушка чыкканы белгилүү болду. Эгиздердин бирин мурдагы аскер кызматкери алган.
Эми эгиздер балалуу болууну кыялданып жатышканын айтышкан.