"Борбор Азиядан". "Крокустагы" терактка шектелип дагы үч адам кармалды

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" борборунда теракт уюштурууга шектелген дагы үч адамды кармады. Мындай маалымат бүгүн, 4-апрелде белгилүү болду.

Белгиленгендей, террорчулардын шериктери Москва, Екатеринбург жана Омск шаарларында кармалган. Федералдык кызматтын маалыматы боюнча, бул иш боюнча жаңы эки айыпталуучу кол салууда колдонулган курал-жарактарды жана унааларды сатып алуу үчүн террорчуларга акча которгон. Үчүнчү шектүү террорчуларды каржылоого түздөн-түз катышкан. Кармалган үчөө тең Борбор Азиядан.

"Крокустагы" теракт 22-март күнү кечинде болгон. Натыйжада 144 адам каза болуп, 500дөн ашууну жарадар болгон. Иштин алкагында 11 адам кармалып, анын 10у камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан