Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов кыргыз спортчулары жайкы Олимпиада жана Паралимпиадалык оюндарына 30га чейин лицензия алуусу мүмкүндүгүн айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 5-апрелдеги Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун кошмо жыйынында билдирди.
Ошондой эле Максүтов линцензия алуу мүмкүнчүлүгү бар спорттун түрлөрүн атап өттү.
"Лицензия алууга мүмкүнчүлүгү бар спорттун түрлөрү бул - дзюдо, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү, жеңил атлетика, оор атлетика, бокс, байдарка жана каноэ, сууда сүзүү, ок атуу, триатлон, жаа атуу спорту, фехтования. Паралимпиадалык спортунун түрлөрү - парапауэрлифтинг, пара-жеңил атлетика, парадзюдо, пара сууда сүзүү, паратриатлон", - деди министр.
Ал кошумчалагандай учурда 2024-жылкы Париж Олимпиадасында өлкөнүн эсебинде 6 лицензия бар.