ЖКККББ бир жыл ичинде эки жолу автоээнбаштык жасаган айдоочулар 6 айлык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратыларын эске салды.
Буга чейин социалдык тармактарда түн ичинде коомдун тынчын бузуп, атайын автоээнбаштык жасаган жарандардын видеосу тарап, талкууга алынган. Өз кезегинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаанын айдоочусу аныкталганын бүгүн, 5-апрелде билдирди.
Маалымдалгандай, бул факты боюнча Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам түрдө Toyota Ground үлгүсүндөгү унаанын 2005-жылы туулган Б.А. аттуу айдоочусун таап, мыйзамга ылайык 15 миң сом айып салышты. Ал эми унаасы айып короо жайына токтотулду.
ЖКККББ бир жыл ичинде эки жолу автоээнбаштык жасаган айдоочулар 6 айлык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратыларын эске салды.