19 кыргызстандык спортчу Эл аралык Олимпиада комитетинин стипендиясын алат

19 кыргызстандык спортчу Эл аралык Олимпиада комитетинин стипендиясын алат. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Кылычбек Сарбагышев бүгүн, 5-апрелдеги парламенттин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында билдирди.

Анын айтымында, былтыр өткөргөн долбоорлордун негизинде Эл аралык Олимпиада комитетинен 40 миллион сом келген. Быйыл 50 миллион сом алуу күтүлүүдө.

"Кирген каражаттардын ичинен 19 миллион сомду 15 спортчубуз жайкы олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча стипендия катары алат. Кышкы спорттун түрлөрү боюнча 4 спортчуга 8 миллион сом каралган", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан