Камчыбек Ташиев түндө УКМКнын кызматкери кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери коррупцияга айыпталып кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, кармалган кызматкер 5-6 жылдан бери ишкерлерден акча опузалап жүргөн.

"Кечээ кечинде аскердик прокуратура менен биргеликте өзүбүздүн кызматкерди кармадык. Ачык эле айтып коёюн, ал капитан Дурусалиев. Ал 5-6 жылдан бери ай сайын "кызматтан жогоруладым, жетекчилер менен бөлүшөм деп" ишкерди алдап, андан көбүрөөк акча талап кылган. Эми мыйзам алдында жооп берет. Биздин арабызда дагы коррупционерлер бар, бирок алардын саны өтө аз", - деди УКМК башчысы.

УКМКнын кызматкери кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан