Москвада 10 жаштагы эки баланы зордуктоого шектелип Тажикстандын жараны кармалды

Москвада күч органдары он жашар эки баланы зордуктаган деген шек менен Тажикстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.

Маалыматка ылайык, аталган адам 3-апрелде кармалган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, ал Москвадагы Кожуховский өтмөгүндөгү эстакадада 10 жашар эки баланы зордуктаган. Айыпталуучу Балашихада каттоодо турат, Тажикстандын Гисар шаарында туулган.

Ага карата "Ден соолукка оор залал келтирүү менен айкалышкан сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Эми күнөөсү далилденсе 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан