Баткендин Раззаков шаарынын вице-мэри Я.М., “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Лейлек районундагы бөлүмүнүн адиси Б.А. жана мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы К.Ж. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, алар Раззаков шаарындагы №4 мектеп-гимназиясынын балансындагы 140 чарчы метр жер тилкеси түз сатуу-сатып алуу келишимин түзүү жолу менен шаар тургунуна 40 миң сомго мыйзамсыз сатышкан.
"Эксперт Групп" ЖЧКсынын көз карандысыз экспертинин корутундусуна ылайык, аталган жер тилкесинин баасы аны сатуу учурунда 1 миллион 200 миң сомдон ашык болгон", - деп жазылат маалыматта.
Кармалгандар облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарына карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.