Дүйнөдө биринчи жолу чочконун бөйрөгү салынган бейтап ооруканадан чыкты

АКШда тарыхта биринчи жолу гени өзгөртүлгөн чочконун бөйрөгүн адамга алмаштыруу боюнча ийгиликтүү операция жасалган бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, бейтап 62 жаштагы Ричард Слейман 3-апрелде, операция болгондон эки жума өткөндөн кийин ооруканадан чыгарылган. Дарыгерлердин айтымында, трансплантацияланган бөйрөк толук иштейт. Ошол эле учурда, дарыгерлер бейтаптын бөйрөгүнө кепилдик берген эмес.

16-мартта Бостондогу Массачусетс ооруканасынын дарыгерлери дүйнөдөгү биринчи жолу генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун бөйрөгүн адамга трансплантациялоо операциясын ийгиликтүү ишке ашырышкан.

Процедураны жетектеген доктор Тацуо Кавайдын айтымында, трансплантациядан кийин чочконун бөйрөгү кызгылт болуп иштей баштаган, бул бүткүл медицина кызматкерлеринин кол чабууларын жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан