Опузалап пара талап кылган кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Ички иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 1-мартта милицияга кызмат адамдары жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан тоскоолдуксуз өтүү жана жүктүн уруксат берилген көлөмүнөн ашып кеткенин жашыруу үчүн үзгүлтүксүз пара алып жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.
Чогултулган материалдардын негизинде салмак-габариттик көзөмөл кызматкерлери оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан тоскоолдуксуз өтүү үчүн 1 000 сомдон 10 миң сомго чейин акча каражаттарын талап кылып келишкени аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесине (Опузалап пара алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
2-апрелде 8 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда "Жаңы-Арык" жана "Ноокат" көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлери кармалган.
Шектүү катары М.у.М. жана А.Ж. аттуу жарандар кармалып, Ош шаардык сотунун чечими менен камакка алынган.
Учурда аталган ишке тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо иштери уланууда.