Бишкекте жарандын телефон уурдап жатканы камерага түшүп калган (видео)

Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-апрелде милицияга К.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү "Ош базарынын" аймагынан белгисиз адам баасы 13 миң сом турган Redmi 11 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткенин айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1975-жылы туулган А.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
05.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан